Кыргызстан Шанхай өнүктүрүү банкын ачууну сунуштоодо

Экономика Загрузка... 25 Май 2026 10:35
WhatsApp_Image_0RfqNRo.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Кыргызстан тарабынан Шанхай өнүктүрүү банкын ачуу сунушталууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Сүйналиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ШКУга банктын кеңсеси Бишкекте жайгашуусун да сунуштап жатат..

“ШКУнун өнүктүрүү банкын Кыргызстандын борбору Бишкекте жайгашса деген сунушту да айтып жатабыз. Бул маселе азыр талкууланууда. Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жыйынында Кытайдын өкүлдөрү менен да маселени карап чыкканбыз”, - деди министр.