Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Digital Kyrgyzstan 2025 эл аралык ПЛАС-форуму өлкөбүздүн рыногу үчүн маанилүү окуя. Бул тууралуу бүгүн форумда санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдирди.
Анын айтымында, бул форум жаңы баштаган стартаптар, IT, жасалма интеллект жана башка технологияларды өнүктүрүү жаатындагы негизги оюнчулар үчүн жаңы идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
“Биз үчүн форум биринчи кезекте жаңы технологияларга инвестиция тартуу аянтчасы. Экинчиден, бул эмгек ресурстарын тартууга жана Кыргызстандын потенциалын көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк. Биз бүгүнкү күндө өлкөбүз санариптик трансформация чөйрөсүнө, анын ичинде мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга жигердүү кызыкдар экенин көрсөтүп жатабыз”, - деп белгиледи министр.