Кыргызстан санариптик технологиялар чөйрөсүндө кызматташууга кызыкдар – Касымалиев

Экономика Загрузка... 29 Май 2026 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Кыргызстан санариптик технологиялар чөйрөсүндө кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан эл аралык финансылык форумда билдирди.

Минкаб башчысы белгилегендей, өлкөдө бул жаатта инвестиция тартууга жана тажрыйба алмашууга артыкчылык берилет.

“Биз санариптик трансформацияны глобалдык күн тартибинде туруктуу өнүгүнүн бир бөлүгү катары карайбыз. Бул эл аралык финансылык форум финансылык-технологиялык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана жаңы демилгелерди иштеп чыгууга эффективдүү аянтча болоруна ишенем”, - деп белгиледи ал.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө санариптик трансформация мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунан болуп саналат.

“Кыргызстан инновациялык экономиканы өнүктүрүү, финансылык системаны модернизациялоо, мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, калк жана бизнес үчүн заманбап финансылык сервистердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү ырааттуу түрдө ишке ашырып келет”, - деди минкаб жетекчиси.

Белгилей кетсек, Бишкекте эл аралык финансылык форум өтүүдө. Ага 15тей өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Анда санариптик жаңы технологиялар жана киберкоопсуздук маселелери талкууланууда.