Кыргызстан Римде өтүп жаткан форумда мөңгүлөрдү сактоо маселесин көтөрдү

Коом Загрузка... 14 Октябрь 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Римде өтүп жаткан Rome Water Dialogue 2025 форумунун алкагында "Суу ресурстарын башкаруунун эффективдүү чечимдери" аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, форум БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Рим шаарындагы штаб-квартирасында өтүп жатат.

Бакыт Төрөбаев суу – бул социалдык-экономикалык өнүгүүнү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, ошондой эле экосистемаларды жана калктын ден соолугун камсыздоочу стратегиялык жана баа жеткис жаратылыш ресурсу экенин белгиледи.

"Суу – бул жашоонун, ден соолуктун жана улуттардын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи. Бүгүнкү күндө Борбордук Азияда эң курч маселелердин бири – бул климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу ресурстарын сактоо жана рационалдуу пайдалануу", – деди Төрөбаев.

Министр форумдун катышуучуларынын көңүлүн глобалдык климаттык өзгөрүүлөр жана калктын өсүшү суу таңкыстыгын күчөтүп жатканына бурду. Анын айтымында, 2050-жылга чейин Жер жүзүндөгү калктын жарымы суу ресурстарынын жетишсиздигине туш болушу мүмкүн, бул азык-түлүк коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратат.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандагы мөңгүлөрдү сактоого өзгөчө көңүл бурду. Бул мөңгүлөр аймактагы ири дарыяларды азыктандырып, коңшу мамлекеттер — Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстанды суу менен камсыз кылат. Бул жагдайда Бакыт Төрөбаев президент Садыр Жапаровдун "Жашыл мурас" улуттук программасынын маанилүүлүгүн белгиледи. Программа тоолорду, мөңгүлөрдү жана дарыяларды коргоого багытталган.

Ошондой эле министр Ысык-Көлдүн деңгээлинин төмөндөп жатышы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, көл регионалдык мааниге ээ болуп, климаттык тең салмактуулукту камсыздоочу маанилүү функцияны аткарат.
"Арал деңизинин трагедиялуу тагдыры сыяктуу эле, жаратылыш байлыктарын жоготуу кайтарылгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Суу коопсуздугу – бул экологиялык гана эмес, улуттук жана глобалдык туруктуу өнүгүүнүн маселеси", – деп баса белгиледи министр.

Анын айтымында, Борбор Азияда 10 миллионго жакын адам таза ичүүчү сууга жеткиликтүү эмес. Региондогу суу инфраструктурасынын 80пайызы эскирген, ал эми суу жоготуулары 55 пайызды түзөт. Кыргызстанга 960 айылдагы ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керек экенин министр билдирди.

"Эгерде бүгүн зарыл болгон каражаттар салынбаса, эртең жоготулган потенциалды калыбына келтирүү үч эселеп кымбатка турат. Сууга мунай жана газ сыяктуу эле көңүл бурууга убакыт келди", – деди Төрөбаев.

Сөзүнүн соңунда министр Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосу үчүн ФАОго ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, активдүү кызматташтыктын аркасында алдыңкы технологиялар киргизилип, азык-түлүк коопсуздугу бекемделип, айылдык жамааттардын өнүгүүсүнө салым кошулду.  "Биз ФАО тарабынан көрсөтүлүп жаткан туруктуу колдоого, диалогго ачыктыгына жана агроөнөр жай комплексибиздин туруктуу өнүгүүсүнө умтулуусуна терең ыраазыбыз", – деп кошумчалады Төрөбаев.