Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. 2026-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда негизги капиталга жумшалган инвестициянын көлөмү 1,7 эсеге өстү. Мындай маалымат Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) жумалык макроэкономикалык баяндамасында айтылат.
"Капиталды эң активдүү өздөштүрүү транспорт тармагында катталды. Негизинен чет элдик капиталды тартуунун эсебинен өсүш 8,1 эсени түздү. Маанилүүлүгү боюнча экинчи багыт катары искусство, көңүл ачуу жана эс алуу сектору болду. Бул тармакта каржылоо көбүнчө бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлдү. Учурда республикада туристтик кластерди өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Инвестициялар үстүбүздөгү жылы да экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү катары ролун сактап калат деп ишенебиз", - деп айтылат банктын баяндамасында.
Экономисттер белгилегендей, мындай көрсөткүчтөр мамлекеттин өндүрүштү техникалык жактан кайра жабдууга, аны кеңейтүүгө жана модернизациялоого олуттуу көңүл буруп жаткандыгын айгинелейт. Бул өз кезегинде ишканалардын өндүрүмдүүлүгүнө жана чыгарылган продукциянын сапатына чоң таасирин тийгизиши керек. Ал эми акыркы жыйынтыгында экономикалык өсүштүн эң маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.