Кыргызстандын делегациясы Өзбекстандын суу үнөмдөө технологиялары менен таанышты

Коом 17 июнь 2026 09:15
IMG_0422.JPG
IMG_0423.JPG
IMG_0424.JPG
IMG_0425.JPG
IMG_0426.JPG
IMG_0427.JPG
IMG_0428.JPG
IMG_0420.JPG
Алдыга
Артка
IMG_0422.JPG
IMG_0423.JPG
IMG_0424.JPG
IMG_0425.JPG
IMG_0426.JPG
IMG_0427.JPG
IMG_0428.JPG
IMG_0420.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда суу чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоонун келечеги талкууланды.

Сапардын алкагында Өзбекстандын суу чарба тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, заманбап илимий иштеп чыгууларды жайылтуу боюнча чаралар, ошондой эле тармактагы адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча маалыматтар сунушталды.

Алмаз Жээналиев Суу чарбачыларынын мектебинин, китепкана комплексинин жана Ирригация жана суу көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институтунун лабораторияларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле композиттик материалдардан жасалган сугат лотокторун өндүрүүчү ишкананы көрүп чыкты.