Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында орун алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун жолдорун талкуулашты.
Соода-экономикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын оң динамикасы белгиленди. Тараптар эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти жандандыруу тууралуу макулдашты.
Ошондой эле министрлер аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелер, коопсуздук жаатындагы кызматташтык жана көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы биргелешкен иш боюнча пикир алышышты.