Кыргызстан менен Япония консулдук тармакта өз ара аракеттенүүнү кеңейтет

Коом Жүктөлүүдө... 25 Февраль 2026 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Күн мурун Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Чыңгыз Токтобеков Япониянын Стамбул шаарындагы башкы консулу Ивама Рёдзи менен жолукту.

Консулдуктан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алышты.

Ошондой эле консулдук тармактагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Тараптар мындан аркы пайдалуу сунуштарды камтыган диалогду улантууга жана өз ара кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.