Кыргызстан менен Япония чакан жана орто бизнести колдоо маселелерин талкуулады — Кабар

Кыргызстан менен Япония чакан жана орто бизнести колдоо маселелерин талкуулады

Экономика 4 март 2026 17:25
bbd0acd7-44ce-4804-8cdb-f13e7cca5baf.jpg
83d19cf8-e842-46b4-ad9a-e4d706cfb732.jpg
a8d1b3b8-7477-4355-b73f-5331b1b996e0.jpg
f545f2c9-1775-46fb-a802-ec246cffe60f.jpg
Алдыга
Артка
bbd0acd7-44ce-4804-8cdb-f13e7cca5baf.jpg
83d19cf8-e842-46b4-ad9a-e4d706cfb732.jpg
a8d1b3b8-7477-4355-b73f-5331b1b996e0.jpg
f545f2c9-1775-46fb-a802-ec246cffe60f.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын Япониянын финансылык институттарынын жана эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чакан жана орто ишкердикти мамлекеттик колдоо саясатынын маселелерин, бизнести финансылык жактан колдоо механизмдерин өнүктүрүүнү, ошондой эле ишкерлердин кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдөгү Кыргызстандын Кепилдик фондунун ролун талкуулашты.

Кыргыз тарап ишкердик чөйрөсүн жакшыртууга жана финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган "2030-жылга чейин чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программасын" иштеп чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Япон тарап Японияда кредиттик кепилдиктер системасынын иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүп, анын чакан жана орто бизнестин банктык каржылоого жетүүсүн камсыз кылуудагы маанилүү ролун белгиледи, айрыкча жаңы баштаган ишкерлер жана жетиштүү күрөө камсыздоосу жок компаниялар үчүн.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чакан жана орто бизнести колдоо чөйрөсүндө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.