Кыргызстан менен Түркиянын күн тартибиндеги актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 1478 30 Январь 2025 15:04
WhatsApp Image 2025-01-30 at 13.33.30.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-30 at 13.33.29.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-01-30 at 13.33.30.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-30 at 13.33.29.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.

2024-жылы мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыктарын жогору баалап, тараптар мамлекет башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти, ошондой эле алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарларга жана жолугушууларга көңүл бурушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну макулдашышты.