Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Күн мурун Астана шаарында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Түркиянын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Зеки Йигит менен жолукту.
Жогорку соттон билдиришкендей, жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун II конференциясынын алкагында өттү.
Анда жарандардын мамлекеттик органдар менен болгон талаш-тартыштарын чечүүдө Түркиянын Мамлекеттик кеңешинин тажрыйбасын колдонуу маселеси каралды.
Ошондой эле кыргыз тарап электрондук сот адилеттиги, санариптик кызматтар жана сотко аралыктан катышуу механизмдери боюнча аткарылып жаткан иштерди тааныштырды.
Ошондой эле тараптар Кыргызстандын Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен Түркиянын тиешелүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, судьялардын квалификациясын жогорулатууну пландашты.
"Соттук-укуктук чөйрө биздин кызматташтыктын маанилүү багыты болуп саналат жана биз Жогорку сот институттарынын ортосундагы кесиптик диалогду мындан ары да чыңдоого кызыкдарбыз", - деп белгиледи Сатыев.
Жыйынтыгында тараптар ТМУнун алкагында да, эки тараптуу деңгээлде да тажрыйба алмашууну активдүү улантууну макулдашты.