Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков менен Стамбул шаарынын Фатих районунун мэри Эргүн Туран жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, анда эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча кеңири маселелер талкууланды.
Башкы консул Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана институттук реформалар тууралуу маалымат берип, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.
Өз кезегинде Эргүн Туран эки элдин тарыхый жакындыгын жана руханий туугандыгын белгилеп, ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу иш байланышын сактоого жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташууну улантуу боюнча макулдашты.