Кыргызстан менен Түркия биргелешип тасмаларды тартат

Маданият 05 Июнь 2026 09:00
1.png
1.jpg
710598357_1293534732938280_5018966370375093189_n.jpg
710742292_1293534739604946_9076771766559178573_n.jpg
710799427_1293534736271613_1157344518993885862_n.jpg
710849070_1293534772938276_4931794854892124357_n.jpg
Алдыга
Артка
1.png
1.jpg
710598357_1293534732938280_5018966370375093189_n.jpg
710742292_1293534739604946_9076771766559178573_n.jpg
710799427_1293534736271613_1157344518993885862_n.jpg
710849070_1293534772938276_4931794854892124357_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Түркиянын Кино департаментинин башкы директору Бирол Гүвен менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Бишкекте Түрк кино күндөрүнүн алкагында өтүп, анда эки өлкөнүн кино жана анимация тармагындагы кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүү маселеси талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн режиссёрлору биргеликте көркөм тасмаларды жана заманбап анимациялык (мультфильм) долбоорлорду иштеп чыгуу, кино жана телерадио тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба бөлүшүүнү жолго коюу, Түркиянын ири медиа гиганттары (TRT) менен Кыргызстандын башкы телеканалдары жана "Кыргызфильм" киностудиясы ортосунда түз байланыштарды чыңдоо макулдашылды.

Белгилей кетсек, жолугушууга Кыргызстандын УТРК, ЭлТР телеканалдарынын жетекчилери жана киностудиялар, ал эми Түркиядан атактуу TRT телерадиокорпорациясынын жетекчилиги катышты.