Кыргызстан менен Тажикстан өз ара соода үйлөрүн ачууну пландаштырууда

Экономика Загрузка... 26 Май 2026 15:48
1092598418_0_160_3072_1888_1920x0_80_0_0_c203838f7718ef995ea310549a99e612.jpg

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода менен жолукту. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстан эң жакын коңшу катары көп жылдар бою маанилүү соода өнөктөш бойдон кала берери белгиленди.

Кыргызстан текстиль продукцияларын, көмүр, айнек, пластмасса буюмдарын жана айрым айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул багытта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара соода үйлөрүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралды.