Кыргызстан менен Тажикстан соода жүгүртүүнү $500 млн жеткирүүнү көздөйт

Экономика Загрузка... 26 Май 2026 15:40
6a1564ffaeca8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода менен жолукту. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстан эң жакын коңшу катары көп жылдар бою маанилүү соода өнөктөш бойдон кала берери белгиленди.

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү максатын коюшкан. Кыргызстан текстиль продукцияларын, көмүр, айнек, пластмасса буюмдарын жана айрым айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул багытта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара соода үйлөрүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралды.