Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы алакаларды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Кыргызстан Тажикстан менен жакын коңшулук жана достук байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледии.
"Чек ара маселелеринин чечилиши эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгарып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аймактар аралык кызматташтыкты өрчүтүүгө чоң өбөлгө түздү. Калыптанган мамилелерди дагы тереңдетүү үчүн парламенттер аралык диалогду кеңейтүүбүз кажет, — деди.
Андан тышкары, төрага тажикстандык спортчуларды быйыл сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.
"2014-жылы негизделгенден бери бул иш-чара дүйнө элдеринин салттуу спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө, маданий жана руханий байланыштарды тереңдетүүгө чоң салым кошуп келет. Быйыл Кыргызстанга 100дөн ашуун өлкөдөн 5 миңдей спортчу келери күтүлүүдө. Алардын катарында тажикстандык спортчулар да катышып, ийгиликтерди жаратышат деген ишенимдебиз", — деп кошумчалады ал.
Өз кезегинде Файзали Идизода Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Ал Кыргызстан Тажикстандын жакын коңшусу эле эмес, ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.
"Биз эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө салттуу баалуулуктарга таянабыз, бул бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө өбөлгө түзүүдө. Айрыкча чек ара маселесине чекит коюлуп, демаркациялоо процесси активдүү уланууда", — деп билдирди.
Файзали Идизода парламенттер аралык мамилелерди депутаттык достук топторунун алкагында гана эмес, ПАБ, КМШ ПА, ЖККУ ПА жана ЕККУ ПА сыяктуу эл аралык аянтчаларда да тыгыз жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле ал Марлен Маматалиевди климат маселесине байланыштуу Парламенттер аралык бирликтин 22-23-май күндөрү Тажикстанда өтө турган жыйынына чакырды. Тараптар жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу менен бардык багыттарда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.