Кыргызстан жана Татарстан жаратылыш ресурстарын коргоодо тажрыйба алмашат

Коом 1 июнь 2026 17:40
711602163_1572393924895236_128756105921432637_n.jpg
710613071_1572393928228569_3282060028271487900_n.jpg
711546195_1572394028228559_3038260988509352930_n.jpg
708697862_1572393931561902_1772410199865405030_n.jpg
Алдыга
Артка
711602163_1572393924895236_128756105921432637_n.jpg
710613071_1572393928228569_3282060028271487900_n.jpg
711546195_1572394028228559_3038260988509352930_n.jpg
708697862_1572393931561902_1772410199865405030_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Татарстан Республикасынын экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Зиганшин жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Мамлекеттик катчы кыргыз жана татар элдерин тарыхый байланыштар, жалпы маданий мурас жана түрк дүйнөсүнө таандык руханий баалуулуктар жакындатып турарын белгиледи.

Жолугушууда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар суу жана токой ресурстарын коргоо, экологиялык мониторинг жүргүзүү, жашыл технологияларды жайылтуу, ошондой эле экология жаатындагы адистердин тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Арслан Койчиев жакынкы күндөрү өлкөбүздө өткөрүлө турган юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумуна Татарстан Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу эл аралык интеллектуалдык диалогду чыңдоого, гуманизм баалуулуктарын илгерилетүүгө жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө салым кошорун баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү багыттарындагы кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.