Кыргызстан менен Словения өнөктөштүктү чыңдоону макулдашты

Саясат Загрузка... 25 Февраль 2026 09:00
1.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Күн мурун Женева шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словениянын премьер-министринин орун басары - тышкы жана европалык иштер министри Таня Файон менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-словен мамилелеринин азыркы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулап, эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну андан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.

Тараптар кыргыз-словен өнөктөштүгүн мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүгө умтуларын тастыкташты.

2