Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакировдун Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцар кызматташтыгынын кеңири чөйрөдөгү келечегин талкуулап, өзгөчө көңүл соода, туруктуу өнүгүү жана маданият тармактарына бурулду.
Министрдин орун басары кыргыз тараптын Швейцария менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, жогорку деңгээлдеги активдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде элчи Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-швейцар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу күн тартибиндеги маселелер боюнча туруктуу диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.