Кыргызстан менен Швейцария кызматташтык программасын ишке ашырат

Саясат Загрузка... 24 Февраль 2026 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцариянын тышкы иштер департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцар кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү, 2026-2029-жылдарга карата кызматташтык программасын ишке ашырууну, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулашты.

Тышкы иштер министри швейцар тарапты 2026-жылы ЕККУга төрагалык кылуусу менен куттуктап, уюмдун алкагында тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгиленип, жогорку деңгээлдеги байланыштарды жандандыруунун маанилүүлүгүн айтылды.

Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, туризм тармагындагы кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда туруктуу тоо өнүгүүсү жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча да пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-швейцар өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.