Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ТИМ башчылары телефондо сүйлөштү

Саясат Загрузка... 14 Апрель 2026 11:25
f9a142f0-22e9-3165-8ce5-3e731314d85c.png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Сауд Аравиянын бир тууган элине чын дилден тилектештигин билдирди.

Тараптар кырдаалдын тез арада деэскалация болушуна, саясий-дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына жана аймакта тынчтык менен туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чаралар кабыл алынарына үмүт артышты.