Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Москвада Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов жолугушту.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында орун алды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
"Кыргызстан Россия менен өз ара пайдалуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет", - деп белгиледи коргоо министри Мукамбетов.
Жыйынтыгында тараптар бардык негизги багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырасташты.