Бишкек, 30.05.26. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Португалиянын тышкы иштер министри Паулу Ранжел менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө алар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Жээнбек Кулубаев кыргыз тарап кыргыз-португал саясий диалогун ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Эки жааттуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү менен катар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өз кезегинде Паулу Ранжел португал тараптын өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө даяр экендигин ырастап, эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган демилгелерди колдой турганын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Португалиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.