Кыргызстан менен Польша саясий жана экономикалык байланыштарды чыңдайт — Кабар

Кыргызстан менен Польша саясий жана экономикалык байланыштарды чыңдайт

Саясат 23 май 2026 11:35
705060815_1408214888008684_4165078486641392573_n.jpg
705053783_1408214904675349_8978940134061740131_n.jpg
705127080_1408214931342013_4898201419630402306_n.jpg
Алдыга
Артка
705060815_1408214888008684_4165078486641392573_n.jpg
705053783_1408214904675349_8978940134061740131_n.jpg
705127080_1408214931342013_4898201419630402306_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Кыргызстан менен Польшанын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялардын кезектеги раунду өттү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү, ошондой эле жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Гуманитардык багытта маданият, билим берүү жана илим тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек жана Варшава шаарларында биргелешкен маданият күндөрүн өткөрүү демилгесин колдошту.

Мындан тышкары, делегациялар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, эл аралык уюмдардын алкагындагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин карап чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-польша өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоо жана үзгүлтүксүз саясий диалогду колдоо, анын ичинде эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы практикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча өз ара милдеттенмелер ырасталды.