Кыргызстан менен Польша мыйзамсыз миграцияга каршы бирге күрөшөт

Коом Загрузка... 02 Апрель 2026 11:40
photo_5363877724633635051_y.jpg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Күн мурун Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен Польшанын Чек ара кызматынын делегациясы жолугушту.

ИИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар чет өлкөлүк жарандардын эркин кайтарылышын уюштуруу, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жана өз ара аракеттешүүнүн механизмдерин өркүндөтүү боюнча пикир алмашты.

Өзгөчө көңүл биргелешкен аракеттерди координациялоо, тажрыйба алмашуу жана миграциялык процесстерди башкаруу тармагында эл аралык практикаларды колдонууга бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип, эки тараптуу мамилелерди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.