Кыргызстан жана Пакистан ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады — Кабар

Кыргызстан жана Пакистан ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 24 июль 2026 20:20
46ec345e-03c8-3a39-9766-3d5cb64efe10 (1).jpeg
b881acf0-4d6d-3f39-b983-9e56a746d1f0.jpeg
e509ad66-dd4f-33cd-98cb-2a89ba12661c.jpeg
Алдыга
Артка
46ec345e-03c8-3a39-9766-3d5cb64efe10 (1).jpeg
b881acf0-4d6d-3f39-b983-9e56a746d1f0.jpeg
e509ad66-dd4f-33cd-98cb-2a89ba12661c.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын өсүп жаткан оң динамикасын канааттануу менен белгилешип, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, банктык-финансылык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле региондук долбоорлорду илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы байланыштардын графигине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-пакистан өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара даяр экендигин ырасташты.