Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнү $200 млн жеткирүүнү көздөйт

Экономика Загрузка... 05 Март 2026 11:34
645509217_18425792356186715_8094749607927099140_n.jpg
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга чейин жеткирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, палатанын вице-президенти Авазбек Керимбаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, бул багытта пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.

Ошондой эле кыргыз-пакистан соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкууланды. Эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү аркылуу товар жүгүртүүнү 200 млн долларга чейин көбөйтүү ниети айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар белгиленген багыттар боюнча биргелешкен иштерди активдүү улантууну макулдашышты. Эксперттердин пикиринде, мындай кадамдар кыргыз ишкерлери үчүн Түштүк Азия базарларына жол ачат.