Кыргызстан менен Намибия дипломатиялык алаканы чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Саясат Загрузка... 23 Май 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Кечээ, 22-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Намибия Республикасына болгон алгачкы расмий сапарынын алкагында Намибиянын Эл аралык байланыштар жана соода министри Сельма Ашипала-Мусави менен жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-намибия мамилелеринин учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү перспективаларын талкуулашты. Дипломаттар саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык аянтчаларда өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Жолугушууда мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, айыл чарба, билим берүү, туризм жана ”жашыл“ энергетика тармактарындагы практикалык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Жээнбек Кулубаев географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Намибияны эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча позициялардын жакындыгы бириктирерин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-намибия алакасын мындан ары да чыңдоого, саясий диалогду тереңдетүүгө жана ар түрдүү тармактардагы практикалык кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.