Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Мозамбикке жасаган алгачкы расмий сапарынын алкагында Мозамбиктин тышкы иштер жана чет өлкөдөгү мозамбик жамааттары боюнча мамлекеттик катчысы Мария де Фатима Симао Мансо менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-мозамбик кызматташтыгын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
Саясий диалогду өнүктүрүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле туруктуу өнүгүү, санариптештирүү жана коопсуздук тармактарындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин башчысы өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн, жүргүзүлүп жаткан системалуу реформаларды, ошондой эле өнөр жай жана инфраструктуралык потенциалдын кеңейишин белгиледи.
Кыргызстан Африка мамлекеттери менен кызматташууну активдештире баштаганы, анын ичинде айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, энергетика, санариптик башкаруу жана гуманитардык тармактардагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий диалогду институционалдаштырууга жана эл аралык аренадагы өз ара аракеттенүүнү координациялоого багытталган туруктуу саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду.
Тараптар бул сапар тарыхый мүнөзгө ээ экенин жана кыргыз-мозамбик мамилелеринде жаңы этапты ачып, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негиз түзөрүн белгилешти.