Кыргызстан менен Монголия маданий, туристтик кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат

Саясат Загрузка... 20 Май 2026 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Күн мурун Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Молдогазиевдин Монголиянын маданият, спорт, туризм жана жаштар министри Жуков Алдаржавхлан менен жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-монгол мамилелеринин достукка жана эки элдин тарыхый-маданий мурастарынын жалпылыгына негизделген жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти.

Тараптар маданият, туризм, жаштар саясаты жана кинематография тармактарындагы кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл маданий алмашууларды кеңейтүүгө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын Достук жана маданият күндөрүн кайрадан жандандырууга бурулду.

Айбек Молдогазиев монгол тарапка 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу маалымат берип, Монголия алдыдагы оюндарга, анын ичинде спорттук, маданий жана илимий-эксперттик иш-чараларга активдүү катышат деген үмүтүн билдирди.

Мындан тышкары, туризм тармагындагы кызматташууну, анын ичинде эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнү жана биргелешкен туристтик маршруттарды илгерилетүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууга макулдашышты.