Кыргызстан менен Монголия биргелешкен ишканаларды ачууну пландоодо

Экономика Загрузка... 09 Февраль 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуяг менен жолугушту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылдын 24-октябрында кол коюлган Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Монголиянын Инвестициялар жана соода боюнча улуттук агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар өнөр жай, айыл чарба, туризм, «жашыл» экономика жана санариптик өнүгүү тармактарында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

«Кыргызстан менен Монголияны көп кылымдык достук жана өз ара урматтоо байланыштырган. Биз Монголияны маанилүү өнөктөш катары карайбыз жана кызматташууну кеңейтүүдө чоң потенциалды көрөбүз. Кыргызстан инвестициялык климатты ырааттуу жакшыртып, биргелешкен долбоорлорду ар тараптуу колдоого даяр», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Мындан тышкары, 2025-жылдын июль айында Монголия президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын алкагында жеңил текстиль жана кайра иштетүү өнөр жайларында биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү перспективалары талкууланды.

Ошондой эле Кыргыз-Монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу, анын ичинде биргелешкен бизнес-миссияларды жана инвестициялык иш-чараларды өткөрүү маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.