Кыргызстан менен Монако эки тараптуу байланыштарды чыңдоого даяр

Саясат Загрузка... 28 Апрель 2026 09:10
0d018336-8b94-3403-8bd6-d6d5ecd84db4.png
copyright icon ТИМ

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монако Княздыгынын тышкы иштер жана кызматташтык министри Изабель Берро-Амадеи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кыргыз-монаколук мамилелердин актуалдуу маселелерин, атап айтканда, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн соңунда ТИМ башчылар эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого даяр экендигин тастыкташты.