Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын жана Транспорт, логистика жана транспорт бизнеси боюнча комитеттин өкүлдөрү Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекунас менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, анда кыргызстандык жүк ташуучулардын Европа багытындагы маселелери, анын ичинде эл аралык ташууларга уруксат алуу, айдоочулук визаларды алуу жана айдоочулардын эмгек укуктарын коргоо маселелери каралды.
Литва тарап документтештирилген конкреттүү учурларды карап чыгууга даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында Соода-өнөр жай палатасы тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүк ташуучулардан суроо-талаптарды чогултууну улантары айтылды.
Жолугушууда кыргыстандык ишкерлерди Литвага жаңы бизнес-миссияга жөнөтүү демилгеси да колдоого алынды.