Кыргызстан менен Лихтенштейн өнөктөштүктү кеңейтет

Саясат Загрузка... 28 Март 2026 12:24
1186c11c-4a7f-365c-96ff-97bebbf53898.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Лихтенштейндин вице-премьер-министри, тышкы иштер, айлана-чөйрө жана маданият министри Сабине Монауни телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Жээнбек Кулубаев Лихтенштейн делегациясын 2027-жылдын октябрында өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине жогорку деңгээлде катышууга, ошондой эле 2026-жылдын апрелинде Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк тоо жаштары фестивалына чакырды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлер эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча ишти улантууну макулдашты.