Кыргызстан менен Лесото кызматташтыгы талкууланды

Министрлер кабинети 26 Апрель 2025 12:26
680b699ed495a.jpg
680b699e8ad55.jpg
680b699e8a479.jpg
680b699e32a7b (1).jpg
680b699e32879.jpg
680b699e1208d.jpg
680b699e12074.jpg
Алдыга
Артка
680b699ed495a.jpg
680b699e8ad55.jpg
680b699e8a479.jpg
680b699e32a7b (1).jpg
680b699e32879.jpg
680b699e1208d.jpg
680b699e12074.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.04.25. /Кабар/. Күн мурун "Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогунун" алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Лесото Падышалыгынын вице-премьер министри Нтоменг Маджара менен жолугушту.

Маектин жүрүшүндө Эдил Байсалов конокко форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан тоолуу өлкө катары туруктуу өнүгүүгө, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жана тоолуу аймактардагы базалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө маани берээрин баса белгиледи.

Кыргыз тарап Лесотону "Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык планын" ишке ашырууга жана 2027-жылы "Бишкек+25" саммитине кошулууга чакырды.
Экономика, айыл чарба, энергетика жана логистика тармактарындагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.