Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк прессада чоң резонанс жаратууда – Эдил Байсалов

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 13:03
Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк прессада чоң резонанс жаратууда – Эдил Байсалов
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов “Кабар” агенттигине VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгилеп, өлкөнүн эл аралык аброю жогорулап жатканын айтты.

Ал бул ирет Көчмөндөр оюндарына 100дөн ашуун мамлекеттин делегациялары катышып жатканын белгилеп, иш-чара дүйнөлүк коомчулукта чоң кызыгуу жаратып жатканын билдирди.

“Биздин байыркы элибиздин жаңы демократиялык мамлекетинин 35 жылдыгын президентибиз Садыр Жапаров чоң салтанат менен белгиледи. Ага Россия, Кытай, Индия, Түркия, Иран сыяктуу чоң мамлекеттердин өкүлдөрү катышып, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп атайын өкүлдөрүн жана сенаторун жөнөттү.
Албетте, өзүбүздүн коңшу, боордош мамлекеттердин президенттеринин катышуусунда 35 жылдыгыбыздын, эгемендүүлүгүбүздүн белгиленип жатышы — бул биздин мамлекетибиздин азыркы күндөгү жогорку, бийик аброю топтолгонун көрсөтөт. Ал эми өлкө башчысынын жана анын жетекчилигиндеги акыркы беш жылдагы болгон өзгөрүүлөрдүн да жыйынтыгы болуп саналат.
Анан кантип биз ушуну көрүп, кантип кубанбайбыз? Ар бир кыргызстандык муну сүйүнүү, сыймыктануу жана кубануу менен кабыл алды. Мен дагы алардын катарындамын”,- деди Байсалов.

Элчи атайын Вашингтондон АКШнын чоң делегациясын коштоп келип, алардын жанында жүргөнүн кошумчалады. Алар биздин мамлекетибиздин азыркы социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин, жетишкендиктерин көрүштү. Бирок бул жерде эң негизгиси — биздин чоң потенциалыбыз. Биздин элдин келечегинин жарык экени көрүнүп турду.

“Андан кийин, албетте, “Бишкек арена” стадионунда болгон оюндардын ачылышында маданиятыбыздын, баалуулуктарыбыздын чагылдырылышы өзгөчө болду. Биз тынчтыкты сүйгөн, байыркы тарыхы, өзүнүн уникалдуу маданияты бар эл экенибизди далилдедик.

XXI кылымда биз байыркы маданиятыбызды жоготпостон сактап калып, аны дүйнө коомчулугуна адамзаттын ажырагыс, баа жеткис байлыгы катары башка элдер менен бөлүшүп жатабыз.

Албетте, дүйнөлүк масштабдагы Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүп жатканыбыз да маанилүү. 100дөн ашуун мамлекеттин делегациялары катышууда. Ошондой эле бул дүйнөлүк прессада да чоң резонанс жаратууда” — деди Байсалов.