Бишкек, 11.07.25./Кабар/. Бишкекте жакырчылыкты жоюу жана социалдык мобилизацияны күчөтүү боюнча республикалык кеңешме өтүп жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, жакыркычылыкты жеңүү - бул мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыгы жана жарандардын алдындагы милдети.
"Бүгүнкү күндө ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт. Бул бардык башкаруу системасы жана бүтүндөй улут үчүн чакырык. Биз эч кимди артта калтырып койбойбуз. Өлкөнүн экономикалык өсүүсү бардык жарандар үчүн, бардык аймактарда бардык бардар үчүн өсүш болушу керек", - деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мамлекет төмөндөгүдөй бир катар багыттар боюнча системалуу аракет кыларын белгиледи:
- адамдык капиталдык өнүктүрүү;
- жумуш орундарын түзүү жана өндүрүмдүүлүктүн өсүшү;
- социалдык колдоо системасын жакшыртуу;
- социалдык мобилдүүлүк жана коомчулукту тартуу.
Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргызстан туруктуу, инклюзивдик жана адилеттүү өнүгүүнү камсыздоо үчүн жакынкы жылдары ички ресурстарды жана эл аралык колдоону тартууга ниеттенүүдө.
Анын маалыматына караганда, КР президентинин 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасы жөнүндө жарлыгын аткаруу экономикалык реформанын ар бир кадамы теңсиздикти кыскартууга жана бардык жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталышын талап кылат.