Эдил Байсалов Россия президентинин администрация өкүлдөрүн кабыл алды

Министрлер кабинети 1950 24 Ноябрь 2025 12:40
6923f88ae8758.jpg
6923f88b36e5d.jpg
6923f88b5af82.jpg
Алдыга
Артка
6923f88ae8758.jpg
6923f88b36e5d.jpg
6923f88b5af82.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титовду кабыл алды.

Эдил Байсалов Вадим Титовду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын иши эки тараптуу кызматташуунун мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болоруна ишенерин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин, анын ичинде стратегиялык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, ведомстволор аралык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле социалдык-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.