Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Лесотонун тышкы иштер жана эл аралык мамилелер министри Леджоне Мпотжоане менен телефондо сүйлөштү.
ТИМден билдиришкендей, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө жана өз ара колдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуу пландары каралды. Соңунда эки өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүү жөнүндө макулдашты.