Кыргызстан менен Лаос кызматташтыктын жаңы барагын ачууда — Кабар

Кыргызстан менен Лаос кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Саясат 20 май 2026 14:05
26de9627-263c-3844-80f8-478c8af7197d.jpeg
fa1478e3-c245-3125-8ad7-00bd75c5360f.jpeg
Алдыга
Артка
26de9627-263c-3844-80f8-478c8af7197d.jpeg
fa1478e3-c245-3125-8ad7-00bd75c5360f.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Вьентьян шаарында Лаостун премьер-министри Сонексай Сипхандон менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу элчинин Лаоско болгон иш сапарынын алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-лаос мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Саясий диалогду өнүктүрүүгө, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле туризм, туруктуу өнүгүү, гидроэнергетика, соода жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар расмий байланыштарды активдештирүүгө, өз ара кызматташтыкты чыңдоого жана Кыргызстан менен Лаостун ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин тастыкташты.