Кыргызстан менен Кызыл Жарым Ай коому кызматташтыкты чыңдоого даяр

Коом Загрузка... 07 Ноябрь 2025 17:16
WhatsApp Image 2025-11-07 at 17.20.17.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын башчысы Севаль Гузелкилинч менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, анда тараптар Кыргызстан менен Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын ортосундагы кызматташуунун негизги багыттарын жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан долбоорлор тууралуу пикир алышты.

Федерация 2026–2027-жылдарга карата иш стратегиясын сунуштады. Анда негизги багыттар катары улуттук Кызыл Крест коомдорунун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, кризистик кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү, медициналык программаларды өнүктүрүү анын ичинде вакцина боюнча иштерин жүргүзүү, ошондой эле калктын муктаж топторуна социалдык жардам көрсөтүү белгиленди. Бул багыттарды ишке ашыруу алкагында 2026-жылы 100 жылдык мааракесин белгилей турган Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коомунун ишине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатындагы маселелер талкууланып, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана күрөшүү, аймактарда кызамык жана башка ооруларга каршы эмдөө иштерин өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу, медицина программаларын өркүндөтүү жана аялдарга, балдарга, улгайган адамдарга социалдык жардам көрсөтүүнү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, Кыргызстанды өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдарды коргоо боюнча Глобалдык келишимге кошулуу мүмкүнчүлүгүн биргеликте иштеп чыгууну макулдашты.

Тараптар мындан ары да кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдиришти. Ошондой эле калкты коргоо, саламаттыкты сактоо, табигый кырсыктарга жооп кайтаруу жана социалдык жардам көрсөтүү багытындагы гуманитардык демилгелердин маанилүүлүгүн белгилешти.