Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Кытайдын 2026-2030-жылдарга карата планын ишке ашыруу мөөнөтү Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын мөөнөтү менен толук дал келет. Ал эми эки программанын идеялары менен негизги багыттары көп жагынан үндөш. Бул тууралуу Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай элдик саясий консультациялык кеңешинин сессияларынын жыйынтыгы боюнча өткөн брифингде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпин билдирди.
Анын айтымында, Кытай менен Кыргызстан биргеликте өнүктүрүү стратегияларын айкалыштырууну чыңдоого жана соода, инвестиция, транспорттук байланыш, илимий-техникалык алмашуу жана инновациялар, айыл чарба, ошондой эле гуманитардык-маданий өз ара аракеттенүү сыяктуу тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр.
"Кыргызстан менен Кытай жасалма интеллект, жогорку технологиялар, заманбап айыл чарбасы жана санариптик экономикага басым жасашууда. Өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен биздин кызматташтыгыбыз дал ушул көптөгөн окшоштуктар бар негизги тармактарга топтолушу керек. Биз өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана тереңдетүү аркылуу өсүштүн жаңы багыттарын активдүү түзүп жатабыз. Алдыдагы беш жылда өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүк товар жүгүртүү жана инвестициялык көрсөткүчтөр боюнча гана эмес, биргелешкен долбоорлордун сапаты жана түзүмү боюнча да жаңы деңгээлге чыгарына ишенем", – деп белгиледи элчи "Кабар" агенттигине берген маегинде.
Белгилей кетсек, 2026-2030-жылга чейинки өнүгүү планы – бул Кытайдын өнүгүүсүнүн башкы планы, ал Пекиндеги эки сессияда бекитилгенден кийин 2026-жылдын 13-мартында расмий түрдө башталды. Эгерде мурдагы беш жылдык –пандемиядан чыгууга жана турукташууга багытталган болсо, бул беш жылдык – технологиялык секирик жана "акылдуу" модернизациялоо планы болуп саналат.