Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси "алтын доорго" кадам таштады – элчи

Саясат Загрузка... 19 Март 2026 09:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. 2025-жыл Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер "алтын доорго" киргендигинин ачык далили болду. Бир жылдын ичинде эки өлкө башчыларынын үч жолу жолугушуусу – бул лидерлердин ортосундагы стратегиялык жакындашуудан жана жеке ишенимдин жогорку деңгээлинен кабар берет. Бул тууралуу Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай элдик саясий консультациялык кеңешинин сессияларынын жыйынтыгы боюнча өткөн брифингде Кытай элчиси Лю Цзяньпин билдирди.

Анын айтымында, түптөлгөн саясий пайдубал бүгүнкү күндө мындан 20 жыл мурун ишке ашуусу кыйын көрүнгөн ири долбоорлордун ишке ашуусуна жол ачууда.

"Буга аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон жана эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы эң ири инвестициялык долбоор – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу ачык мисал боло алат. Муну менен катар эле, кытайлык алдыңкы подрядчылардын катышуусунда Барскоон – Бедел автожолунун долбоору ишке ашырылууда. Күн тартибинде "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, өзгөчө Бишкек шаарындагы инвестициялык көлөмү 95 млн долларды түзгөн таштанды жагуучу заводдун курулушу маанилүү орунду ээлейт.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы кытайлык 41 млн доллар инвестиция жумшалган биринчи "Стандартфарм" фармацевтикалык ишканасынын түзүлүшү да олуттуу кадам болду", – деди элчи.

Ошону менен бирге элчи баса белгилегендей, "алтын доордун" жемишин катардагы жарандар да сезип жатышат: 2025-жылы берилген кытай визаларынын саны 50 пайызга өскөн, бул эки өлкөнүн бири-бирине ачыктыгынын жана жакындашуусунун айкын далили.