Кыргызстан менен Кытай таза энергетика жаатында кызматташтыкты күчөтөт

Коом 06 Февраль 2025 14:00
20240127144306461_big.jpg
475979547_613331534653313_8796416710849963211_n.jpg
Алдыга
Артка
20240127144306461_big.jpg
475979547_613331534653313_8796416710849963211_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай таза энергетика жаатында кызматташтыкты күчөтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бул жааттагы кызматташтыкты күчөтүү президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Кытайдын Моммерция министрлигинин ортосунда түзүлдү.

Меморандум Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана Кытайдын өнүктүрүүнүн 14-чү жылдык планын ишке ашырууга багытталган.

Негизги максат-таза энергетикалык технологиялар үчүн минералдарды иштеп чыгууда инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү жана бул чөйрөдө жаңы өсүү багыттарын ачуу.