Кыргызстан менен Кытай маданий байланыштарды чыңдоого ниеттенүүдө

Маданият 2320 26 Март 2025 17:27
486496078_959720936319663_1775695463241780949_n.jpg
486618822_959721062986317_8490066974490057104_n.jpg
486623785_959720939652996_4209731400506043805_n.jpg
487212154_959720922986331_6809676702730318363_n.jpg
Алдыга
Артка
486496078_959720936319663_1775695463241780949_n.jpg
486618822_959721062986317_8490066974490057104_n.jpg
486623785_959720939652996_4209731400506043805_n.jpg
487212154_959720922986331_6809676702730318363_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай маданий байланыштарды чыңдоого ниеттенүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн 26-мартта Улуттук тарых музейинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-кытай маданий, маалыматтык жана жаштар саясаты боюнча кызматташтыктын дагы да бекемделишине ишенимин билдирди. Ал ошондой эле Кытайдын Кыргызстандагы маданий демилгелерге болгон колдоосун белгилеп, гуманитардык тармактагы активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, элчи Лю Цзянпин министрди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы жакшыртууга даярдыгын билдирди. Ал кыргыз тарапты Кытайда өтө турган бир катар ири маданий иш-чараларга катышууга чакырды.

"Тараптар маданий мурасты сактоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо, жаштар программаларын уюштуруу, чыгармачыл жамааттардын гастролдорун өткөрүү жана башка биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташтыкты күчөтүү боюнча өз ара тилектештигин билдиришти",-деп айтылат маалыматта.