Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Күйүүчү-майлоочу материалды жеткирүү боюнча Кытайга көптөгөн мамлекеттер кайрылган, бирок биринчи колдоо Кыргызстанга көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпин брифингде билдирди.
Анын айтымында, керосин жана дизелдик отунду жеткирүү бир ай мурун башталып, ушул аралыкта Кыргызстанга 1 миң тонна ГСМ жеткирилди.
"Биз коңшу жана боордош элди колдоого тийишпиз. Мындан ары да жардам көрсөтүүгө даярбыз", — деп белгиледи дипломат.