Бишкек менен Чанша шаары кызматташтыкты бекемдейт

Коом 8 сентябрь 2026 13:30
799170324_936552389518309_4225554954822985415_n.jpg
799674919_1072746295143838_3769218079648418071_n.jpg
799265772_5441782179478387_1448964686556125819_n.jpg
797904977_38200710589573949_1051408886476844565_n.jpg
Алдыга
Артка
799170324_936552389518309_4225554954822985415_n.jpg
799674919_1072746295143838_3769218079648418071_n.jpg
799265772_5441782179478387_1448964686556125819_n.jpg
797904977_38200710589573949_1051408886476844565_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Чанша шаарынан келген делегация менен жолугушту. Делегацияны Хунань провинциясынын эркин соода аймагынын пилоттук зонасынын жумушчу комитетинин катчысы, Кытай Коммунисттик партиясынын Чанша шаардык комитетинин Туруктуу комитетинин мүчөсү Чжоу Мин баштап келди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар муниципалитеттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, шаар чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багыттарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Кытай тараптын өкүлдөрү Бишкек шаарында болуп жаткан оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, борбор калаанын көрктүүлүгүнө, жашыл аймактарына жана шаарды мындан ары өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалына өзгөчө баа беришти.

Жолугушууда экологиялык туруктуулук маселелерине жана Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүрүүчү завод куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Долбоор Чанша шаарында жайгашкан кытайлык "Junxin" компаниясынын катышуусунда ишке ашырылууда.

Тараптар практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти. Анын ичинде эки шаардын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү маселеси да талкууланды.

"Чжоу Минге муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, шаар чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымы, ошондой эле Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык катын тапшырды",-деп айтылат билдирүүдө.