Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Инженердик изилдөөлөр департаментинин адистери тажрыйба алмашуу максатында Кытайдын Шаньдун провинциясында болушту.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, сапардын алкагында кыргыз делегациясы Цзинань шаардык долбоорлоо-конструктордук институтунун, Jinan Urban Construction Group компаниясынын жетекчилиги жана атайын техникаларды өндүрүүчү алдыңкы ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Сапардын негизги максаты инженердик изилдөө, долбоорлоо жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү боюнча кытайлык өнөктөштөрдүн алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү болду.
Кыргызстандык адистер Кытайдын атайын техника чыгаруучу заводдорунун иши жана Цзинань шаарынын заманбап инфраструктуралык объекттерин башкаруу ыкмалары менен жеринде таанышты.
Жыйынтыгында эки өлкөнүн адистеринин ортосунда кесиптик тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.