Кыргызстан менен Кувейттин ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү – талкууланган маселелер

Саясат Загрузка... 05 Март 2026 22:15
FB_IMG_1772727203166.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министри Жаррах Жабер Аль-Ахмад Ас-Сабах менен телефондо сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы күчөп жаткан чыңалууга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровдун атынан боордош Кувейт элине чын жүрөктөн тилектештигин билдирди.

“Тараптар аймактагы чыңалуунун тез арада турукташуусуна, дипломатиялык диалогдун калыбына келүүсүнө жана тынчтыкты бекемдөө үчүн конкреттүү чаралар кабыл алынарына үмүт артарын билдиришти”,– деп айтылат маалыматта.