Бишкек, 27.05.26. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Коста-Риканын тышкы иштер министри Мануэль Товар Ривера менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилеп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн артыкчылыктуу маанисин баса белгилешти.
Мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын өкмөттөр аралык жана тармактар аралык форматтардагы келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Тараптар географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Коста-Риканы климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү сыяктуу глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча окшош позициялар бириктирерин белгилешти.
Ушул контекстте эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары негизги эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.